Жаңылыктар
Жаандан Чолпон-Ата шаары катуу жабыркаган
Өзгөчө кырдаал
Жаандан Чолпон-Ата шаары катуу жабыркаган

Катуу жааган жамгырдан Чолпон-Ата шаарындагы 70 турак үй жана 12 соода түйүндөрү каттуу жабыркаган. Кырсыктын кесепеттерин жоюу үчүн Бишкек шаарынан жыйырма жана облустан кырк куткаруучу иш алып барууда. 

Адистердин айтымында мындай жагдай Чолпон-Ата шаардык муниципалдык кызматтардын жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин даярдыгынын начар экендигин далилдеди.

Куткаруучулар алгачкы жардамды пенсия курагындагы адамдарга көргөзүүдө. Жеке турак жайлардын жер төлө,короо-жайлары өзгөчө зыян тартты. Кырсык Тогуз-Булак сайынын талапка ылайык жасалбаганынан улам келип чыккан. Шаардыктардын айтымында каналды кеңейтип берүү боюнча бир нече ирет кайрылуу болгон. Бирок атайын кызматтар буга анчейин көңүл бурбаптыр. 

Негизинен бул кырсыктын келип чыгышына мыйзамсыз курулуштар да кедергисин тийгизген. Адистердин белгилөөсүндө арык кетүүчү жерлер мыйзамсыз тосулуп, ордуна жеке конок үйлөрү, мончо, чарба сарайлары салынган. Бул боюнча шаар бийлиги,атайын кызматтар көп жылдан бери маселе көтөрүп чыкан эмес.

Жайкы эс алуу мезгилинде элге тамак-аш сатуучу кафе, ресторандар да жабыркады. Карыпбек Койгелдиев 4 жылдан бери ижарага алып кафе иштетип келет. Анын айтымында, акыркы 40 жылдан бери болбогон табигый көрүнүш өтө чоң чыгымдарга алып келди.