Жаңылыктар
Баткенде футбол боюнча Кыргызстандын кубогунун финалдык беттеши өтүшү мүмкүн
Спорт
Баткенде футбол боюнча Кыргызстандын кубогунун финалдык беттеши өтүшү мүмкүн

Кыргыз футбол союзунун маалыматына ылайык, футбол боюнча Кыргызстандын кубогу Баткенде өтүшү мүмкүн.

Маалым болгондой, футбол ассоциациясы Кыргыз футбол союзу жана Кыргыз профессионалдык премьер лигасына Баткен шаарында Кыргызстандын кубогунун финалын өткөрүү боюнча сунушун билдирген. Баткен шаары финалды өткөрө турган талапкер шаарлар катарына кирген.

10-августта финалдык беттештин уюштуруучу комитети жумуш сапары менен Баткендеги стадионду жана командалар жашаган жайларды минималдык талаптарга жооп бергидей болуусу үчүн текшерүү жүргүзгөн. Анын жүрүшүндө инфраструктуралар боюнча бир катар суроолор жаралган.

Жыйынтыгында 31-августка чейин тиешелүү объекттерди талапка келтирүү үчүн убакыт берилген. Бул чечим Баткен футбол ассоциациясына, облус жана шаар администрациясынын жетекчиликтерине жеткирилген.

Белгилей кетсек, 18 -августта турнирдин жарым финалынын жооптук беттештери өтүп, финалда "Алга" менен "Нефтчи" жолуга турган болду.

Финалдык беттеш 18 -сентябрда өтөт.