Жаңылыктар
Улуу мурас фестивалы Алай районунда өттү
Маданият
Улуу мурас фестивалы Алай районунда өттү

Көчмөн турмуш көркөм искусствонун өнүгүү мүмкүнчүлүгүн чектегенине карабастан, кыргыз эли турак жайынын ички, тышкы жасалгасын, аялдардын кооздук, асем буюмдарын, ат жабдыктарын жасалгалоодо-көркөм чыгармачылыктын бийик деңгээлин көрсөтө алган. 

Кыргыз элинин унутта калган каада-салтын жандантууга чакырган Ош облустунун район аралык Улуу мурас фестивалы Алай районунда өттү. Бул фестивалдын жеңүүчүлөрү 2-Көчмөндөр оюнуна жолдомо алат. 

Гүлчө айылындагы стадионго жык толгон көрөрмандарга ак таңдай акындар Манастын 40 чоросунун коштоосунда майрамды ачып берди. Фестиваль - ордо, тогуз коргоол, дүмпүлдөк, ак чөлмөк, селкинчек, эр эңиш улуттук оюндары менен башталды.

Ат жалында эркин ойноп, көчүп конуп жүрүүгө шай жаралган жоокер элдин кулк мүнөзүнө, улуттук өзгөчөлүгүнө жараша сандаган кыймылдуу оюндарды ойлоп табышкан. Кай бирлери өзгөрүүлөргө дуушар болгон.

Кыргыз эли көчмөндүк менен өмүр сүрүп турган мезгилде дайыма минген аты мамыда, кылычы кынында, күл азыгы жанында жүргөн. Илгертен тамак-аштын сапатына өзгөчө көңүл бурулган.


Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118