Жаңылыктар
Калмира Билимбек кызы дүйнө чемпионатынын күмүш медалына ээ болду
Спорт
Калмира Билимбек кызы дүйнө чемпионатынын күмүш медалына ээ болду

Кыргызстандык балбан кыз Калмира Билимбек кызы жаштар арасындагы дүйнө чемпионатынан күмүш медалга ээ болду. Билимбек кызы 17-18-август күндөрү 55 кг салмакта күч сынашкан. 

Билимбек кызы 1/8 финалдык баскычтан баштап, эки жеңишке жетип, жарым финалга жолдомо алган. Жарым финалдык беттеште россиялык спортчуну жеңген.

Ал эми 18 -августта финалдык беттеште белорусиялык спортчуга катуу кармашта утулуп, күмүш медаль тагынды.

55 кг чейин

1/8 финал

Мунхгерел Мунхбат (Монголия) - Калмира Билимбек кызы - 4: 6

1/4 финал

Пейтон Джен Струд (АКШ) - Калмира Билимбек кызы - 0:10

1/2 финал

Калмира Билимбек кызы - Анастасия Яндушкина (Россия) - (туше)

Финал

Алеся Гетманова (Беларусь) - Калмира Билимбек кызы - 7: 6