Жаңылыктар
Ооганстандан жумасына 30 миңдей адам чыгып кетүүдө
Дүйнө
Ооганстандан жумасына 30 миңдей адам чыгып кетүүдө

Ооганстандан жумасына 20 миңден 30 миңге чейин адам мыйзамсыз чыгып кетүүдө. Бул туурасында Бириккен Улуттар Уюмунун качкындар иштери боюнча жогорку комиссарынын Афганистандагы өкүлү Королина Ван Бурен Улуттар уюмунун баш кеңсесинде өткөн жыйында видеоконференция аркылуу билдирди. 

Быйылкы жылы жарым миллиондон ашык адам өлкө ичинде жер которууга аргасыз болгонун айткан Ван Бурен, жума сайын 20 миңден 30 миңге чейин киши өлкөдөн мыйзамсыз чыгып кетип жатат деди. Ал белгилегендей, оогандыктардын айрымдары Пакистанга, көпчүлүгү Иранга өтүүдө.

Дүйнөлүк азык -түлүк программасынын Ооганстан боюнча директору Мэри Эллен МакГроарти, АКШ аэропортту көзөмөлдөөнү Талибдерге өткөрүп бергенде, Талибан менен БУУ кандай иштээрин талкуулашты. МакГроартинин айтымында, аба майдан гуманитардык жардамды жеткирүү үчүн абдан маанилүү.