Жаңылыктар
Айсулуу Тыныбекова 5-орунду ээледи
Спорт
Айсулуу Тыныбекова 5-орунду ээледи

Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өтүп жаткан Олимпиада оюндарында Айсулуу Тыныбекова коло медалга жетпей калды. Ал 17-августа 58 кг салмагында кармашка түштү. Мелдештин башталышында бразилиялык Жойс Соуза да Сильваны уткан. Кийинкисинде Европанын чемпиону Петра Маарит Оллини жеңди. 

Бирок жарым финалдык таймашта россиялык балбан Валерия Кобловага упай катыштыгында жеңишти тарттырып жиберди. 

3-орун үчүн болгон мелдеште индиялык спортчу Малик Сакшини ута алган жок. Биринчи беттешинде Айсулуу Тыныбекова 5:0 эсебинде алдыга чыккан. Бирок кармаштын экинчи бөлүгүндө 8 упай алдырып, коло медалга жетпей калды. Жыйынтыгында 5:8 эсеби катталып, Тыныбекова 5-орунду ээледи.

ФОТО: www.rio2016.com