Жаңылыктар
Борбор Азия чемпионаты: Кыргызстан Өзбекстанды жеңип алды
Спорт
Борбор Азия чемпионаты: Кыргызстан Өзбекстанды жеңип алды

Кыргызстандын волейбол боюнча улуттук курама командасы Борбор Азия чемпионатында Өзбекстанды утуп алды. Турнирдин тайпалык үчүнчү турунун беттеши 19 -августта Фергана шаарында (Өзбекстан) өттү.

Кыргыз курамасы 2:1 эсебинде алдыда келе жаткан, бирок өзбекстандык спортчулар эсепти теңеп, оюнду кийинки бөлүккө жеткире алышкан.

Ал эми чечүүчү бөлүктө 15:13 эсебинде кыргыз волейболчулары жеңишке жетти.