Жаңылыктар
Паралимпиада 2020: катышуучулардан вирус аныкталууда
Спорт
Паралимпиада 2020: катышуучулардан вирус аныкталууда

Токиодо өтө турган Паралимпиада 2020га катышууга уруксат алган 58 кишиден коронавирус табылды. Уюштуруу комитети, акыркы 24 саатта вирус 18 адамдан аныкталганын жана алар оюн талаасындагы тейлөө тармагынын кызматкерлери экенин билдирди. 

18 кишинин ону жапониялыктар жана алар уюштуруу комитетинин кызматкерлери менен ыктыярчылар экени айтылды. Вирус табылгандардын арасында чет өлкөдөн келген чиновниктер менен журналисттердагы бар. Муну менен Паралимпиада - 2020 оюндарына уруксат алгандардын арасында коронавирус табылгандар 58ге жетти. 160 мамлекеттен 4миң 400 спортчу катышуучу Токио Паралимпиада 2020 оюндары 24-августта башталып, 5-сентябрга чейин созулат. 

23-июлдан 8-августка чейин Токиодо өткөн Олимпиада 2020 оюндарында 544 кишиден коронавирус табылган болчу.