Жаңылыктар
Акжол Махмудов трикосун аукционго койду
Спорт
Акжол Махмудов трикосун аукционго койду

Токио Олимпиадасынын грек-рим күрөшү боюнча күмүш медалынын ээси Акжол Махмудов өзүнүн таймашка кийип чыккан трикосун аукционго койду. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына бала чагынан "Олимпиаданын алтын медалын жеңүүнү көксөп жүргөнүн, муктаж болгондорго жардам бергиси келерин, өз өлкөсүндө спорттун гана өнүгүшүнө эмес, элдин жыргалчылыгына салым кошууну кыялданарын" жазган. 

Сатыкка койгон кызыл түстөгү трикосунун баштапкы баасы 50 АКШ доллары деп көрсөтүлдү. Спортчу аукциондун жыйынтыгы август айынын соңунда чыгарын, андан түшкөн каражат толугу менен кайрымдуулукка жумшала турганын кошумчалаган.

Токиодо өткөн Олимп оюндарында кыргызстандык балбан Акжол Махмудов грек-рим күрөшүнөн 77 килограмм салмакта финалдык беттеште венгриялык Тамас Лоринцке жеңилип (1:2), күмүш медалдын ээси болгон.