Жаңылыктар
БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Талибан лидери аныкталса сүйлөшүүгө даяр
Дүйнө
БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Талибан лидери аныкталса сүйлөшүүгө даяр

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш, лидери аныкталса Талибан менен сүйлөшүүгө даяр. Ал бул туурасында журналисттерге берген интервьюсунда айтып, "ким менен жана кандай максатта экени белгилүү болсо, Талибан менен сүйлөшүүгө даярмын" - деди Гуттерриш.

Ооганстандын баш калаасы Кабулдагы Хамид Карзай атындагы эл аралык аба майданы тууралуу да пикирин билдирип, АКШ жарандарын эвакуациялап бүткөндөн кийин аэропортту Бирикен Улуттар уюму ушул убакытта иштетүүсү мүмкүн эмес. Аба майданды иштете турган болсок, чынын айтканда бардык тарап менен кызматташа алабыз, - деди. Улуттар уюмунун баш катчысы Ооганстанда бардык этностордун өкүлдөрүн камтыган өкмөт түзүүгө жана өзгөчө аялдардын укуктарын урматтоого чакырды.

Буга чейин Талибдер Бириккен Улуттар Уюмуна колдоо көрсөтөөрүн айтып, өлкөдө калып гуманитардык жардам көрсөтүүнү уланта берүүсүн өтүнгөн. БУУнун Афганистандагы өкүлү билдиргендей, Улуттар уюмунун Афганистандагы гуманитардык кеңсеси менен "Талибан" 18 жылдан бери кызматташып, жардам алып келет.