Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата Жалал-Абад облусунда "Алтын өрөөн" кол өнөрчүлөрдүн жана дизайнерлердин республикалык фестивалы уюштурулду. Иш-чарага жети дубандын кол өнөрчүлөрү, уз-чеберлери катышып, өздөрүнүн эмгектерин көргөзмөгө коюшту.
Иш-чарага Министрлер кабинетинин Төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова катышып, кол өнөрчүлөрдү Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы менен куттуктады. Жылдыз Бакашова белгилегендей, ар бир элдин жашоосунда жаратылышына, мүнөзүнө, дүйнө таанымына, философиясына жана руханий байлыгына жараша улуттук баалуулуктары бар. Кыргыздын урпактан-урпакка, атадан-балага, энеден-кызга таберик катары өткөрүлүп келе жаткан кол өнөрчүлүгү менен өзгөчөлөнүп келет. Эгемендүү өлкөнүн өз алдынча калыптануусуна кол өнөрчүлөрдүн кошкон салымы зор. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү терең сырдуулугу жана көп кырдуулугу менен дүйнөгө таанылып келүүдө.
Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгын утурлай өткөрүлгөн иш-чаранын башкы максаты, улуттук баалуулуктарды даңазалоо менен аны калк арасында кеңири жайылтууга багытталат. Фестивалга жалпысынан өлкөнүн жети дубанынан 32 кол өнөрчү, 17 дизайнер катышты.
Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы кол өнөрчүлөрдү өзгөчө кубандырып турат. Анткени бул тармактын ээлери ушул күнгө чейин эч бир министрликтин расмий карамагында болгон эмес. Ошентсе да кол өнөрчүлөр ишмердүүлүгүн өз алдынча өнүктүрүп, эл аралык деңгээлге чейин чыгышты. Быйыл Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгынын алкагында, кол өнөрчүлөр расмий түрдө Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлгинин курамына кирди.