Чолпон-Ата шаарында Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын жыйыны кеңейтилген форматта улантылды. Кеңешменин жүрүшүндө соода алака, транспорт, коопсуздук, санарип, климат, коронавирустан арылууга байланыштуу 20дай маселе талкууланып, бир нече документтерге кол коюлду. Эми Евразиялык экономикалык биримдиктин Жогорку кеңешинин отуруму Казакстандын Алматы шаарында октябрь, декабрь айларында өтөт. Анда мамлекет башчыларга аткарылган иштер тууралуу маалыматтар берилет.
Кыргызстандын ЕАЭБге кошулганына 6 жыл болду. Бул убакыт аралыгында өлкө биримдиктеги мамлекеттер менен экономикалык байланышты бекемдеп келет. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы өз ара соода жүгүртүү быйыл биринчи кварталда 32%га өсүп, болжол менен 33 миллиард долларды түздү. Бул жетишкендиктерди, кемчиликтерди ортого салуу үчүн ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары Чолпон-Ата шаарына чогулушту. Анда Министрлер кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов бииримдик алкагында эркин соода алакага жетүү керектигине токтолду.
Министрлер кабинетинин Төрагасы Евразия экономикалык комиссиянын иши алсызданып кеткенин белгилеп, келечекте ЕАЭБ аймагында эркин соода алаканы курууга үмүттөнөөрүн кошумчалады. Өз кезегинде Евразия экономикалык комиссиянын Коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович тоскоолдуктарга байланыштуу маселе көп көтөрүлүп жатканына токтолду.
Отурумда Россиянын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин ЕАЭБде товарлардын, капиталдын жана жумушчу күчтүн эркин жүрүүсү үчүн тоскоолдуктарды жоюуда активдүү иштөө керектигин белгиледи. Бул боюнча жол картасын даярдоо сунушталды.
Ошол эле учурда Казакстандын Премьер-министри Аскар Мамин экономиканын алга жылышы үчүн биримдиктеги өлкөлөр коронавируска каршы эмдөөнүн ылдамдыгын бирдей ишке ашыруу керектигин айтты. Ал эмдөөнүн жай жүргүзүлүшүн экономиканы кайра калыбына келтирүүгө тоскоол болуп жаткан чоң фактор катары эсептейт.
Жалпысынан өкмөт башчылар биримдиктин алкагында кызматташууга байланыштуу 20дай маселени талкуулады. Жыйынтыгында 15 документке кол коюлду. Алар “Бажы төлөмдөрүнүн бир тараптуу тарифтик чараларын жакындатуу жөнүндө", "ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ички жана тышкы соодасын колдоо", "Казакстандан айыл чарба техникаларын сатып алуу программасына тең катышуу укугу" боюнча документтер. Ошондой эле "Чек араларда автоматтык соода-эсеп системасын орнотуу долбоорун ишке ашыруу", "Биримдик ичиндеги чектөөлөрдү алуу", "Бажы төлөмүнөн түшкөн каражатты биримдикке мүчө өлкөлөргө бөлүштүрүү" сыяктуу макулдашуулар келишилди.