Жаңылыктар
Эл аралык кыргыз-казак айтышы өтөт
Маданият
Эл аралык кыргыз-казак айтышы өтөт

20-августта Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган эл аралык айтыштын жана Талас шаарында өтүүчү республикалык айтыштын тандоо туру чогуу өттү. Бишкектеги “Манас” кинотеатрында өткөн тандоо туруна өлкө боюнча жалпысынан 44 акын катышты. 

44 акындын ичинен 16 акын кийинки турга жолдомо алды. 16 акындын ичинен жогорку упай алган 8 акын 30-31-августта Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өтүүчү эл аралык казак-кыргыз айтышына катышат. Эл аралык айтыш эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы менен бирге эле “Айтыш” коомдук фондунун 20 жылдыгына, кыргыздын белгилүү акыны Жеңижок Көкө уулунун 160 жана казак акыны Жамбыл Жабаевдин 175 жылдыгына арналган. Бул айтышка Амантай Кутманалиев, Баян Акматов, Асылбек Маратов,

Акматбек Султан уулу, Жылдызбек Төрөканов, Турат Жумаев, Кубат Тукешов, Мундузбек Борончиев катышат.

Ал эми 16 акындын ичинен төмөнкү 8 акын 22-23-августта Талас шаарында өтүүчү Эстебес Турсуналиевдин 90 жылдыгына арналган республикалык айтышка жолдомо алды. Алар: Нурсултан Малдыбаев, Элмирбек Иманалиев, Абдували Акимбеков, Кадырбек Бейшенов, Шайлообек Отунчиев, Нурайым Бактияр кызы, Темирбек Матыбаев, Азамат Болгонбаев. Филармонияда өтүүчү эл аралык айтыштын байге фонду 3 млн. сомду түзсө, Таластагы республикалык айтыштын байгеси бир млн сом.