Жаңылыктар
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы абал туруктуу
Чек ара
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы абал туруктуу

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы абал туруктуу. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди. 

Маалыматка ылайык, 21-августта болжол менен саат 10:00дө "Головной" суу бөлүштүрүүчү каналынын аймагында тажик тарап өзүнүн мамлекеттик чек арасына жакын аймагына майдаланган таш төгүп, жол иштерин баштаган. Кийинчерээк саат 12:00дөр чамасында Тажикстандын жарандары атайын техниканын жардамы менен Ак-Суу дарыясынын батыш тарабында траншея каза баштаган. Жагдайды териштирүүнүн жүрүшүндө аталган иштерди Исфара шаарынын мэриясы жүргүзүп жаткандыгы маалым болду. 

Тез аранын ичинде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп, анын жыйынтыгында саат 17:30да тажик тарап жолдун катмарын оңдоо жана траншея казуу боюнча иштерди токтоткон.