Жаңылыктар
Чолпон-Атадагы селдин кесепетири жоюлууда
Өзгөчө кырдаал
Чолпон-Атадагы селдин кесепетири жоюлууда

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алган учурунда Чолпон-Ата шаарындагы селдин кесепеттерин жоюу боюнча жергиликтүү бийлик менен бирге аткарылып жаткан иштерден кабар алды.  

Кубатбек Боронов шаардын сел каптаган аймактарында, арыктардын жоктугунан улам, турак үйлөрдү жана көчөлөрдү суу каптап кеткенин айтып, өлкө башчысынын тапшырмасы боюнча, куткаруучулар зарыл чараларды көрүп жатканын билдирди. 

Президент Алмазбек Атамбаев Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Чолпон-Ата шаарындагы селдин кесепеттерин жоюу үчүн бардык чараларды көрүүнү, калк жашаган башка аймактарды жана инфраструктуралык объектилерди суу каптоосуна жол бербеш үчүн жалпы көзөмөл иштерин күчөтүүнү тапшырды.