Жаңылыктар
Үч шаардын мэрлигине талапкерлер катталды
Шайлоо 2023
Үч шаардын мэрлигине талапкерлер катталды

Аймактык шайлоо комиссиялары Бишкек, Ош жана Токмок шаарынын мэрлигине талапкерлигин көрсөткөндөрдү электрондук "Түндүк" системасы менен каттоого алды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы кабарлады. 

Бишкектин аймактык шайлоо комиссиясы Министрлер кабинети менен Бишкек шаардык кеңешиндеги коалициялык көпчүлүк сунуштаган Айбек Жунушалиев, Ош шаарына "Аманат" коалициясы сунуштаган Алмаз Мамбеталиев, Токмок шаар башчылыгына жергиликтүү кеңештеги "Бирге", "Патриот ынтымагы", "Эл биримдиги" партияларынан чогулган коалициянын сунушу менен Урматбек Самаев жана "Эмгек", "Асыл Мурас-Жаштары" коалициясынан Азат Кубатбек уулу катталды. 

Үч шаардын мэрин шайлоо 26-августта эрте мененки саат 9дан 12ге чейин болот. Шаар мэрлерин шаардык кеңештер шайлайт. Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо быйыл 11-апрелде өтүп, жыйынтыгында Бишкек, Ош жана Токмок шаарларындагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган. Кайра шайлоо 11-июлда өткөн. Бишкек менен Ош шаардык кеңешинде 45тен, Токмок шаардык кеңешинде 31 орун бар.