Жаңылыктар
Көк бөрү боюнча президенттин кубогу үчүн эл аралык мелдеш башталды
Спорт
Көк бөрү боюнча президенттин кубогу үчүн эл аралык мелдеш башталды

Ысык-Көл облусунда көк бөрү боюнча президенттин кубогу үчүн эл аралык мелдеш старт алды. Бул тууралуу Кыргызстандын көк бөрү федерациясынын маалымат кызматы билдирди. Оюн 23-августтан 31-августка чейин Чолпон-Ата шаарынын ат майданында өтөт. 

Эскерте кетсек, оюн Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата өткөрүлүүдө. Буга чейин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата өлкө аймагында өтө турган иш-чаралардын тизмесин жарыялаган.