Жаңылыктар
А.Атамбаев БУУнун жыйынына катышат
Саясат
А.Атамбаев БУУнун жыйынына катышат

 Президент Алмазбек Атамбаев Бириккен Улуттар Уюмунун башкы ассамблеясынын 71-сессиясына барат. 

Бул тууралуу Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти. Сессия 13-сентябрда Нью-Йорк шаарында өтөт. 

Белгилей кетсек аталган уюмдун 2015-жылы өткөн 70 жылдык юбилейлик саммитине Кыргызстандын президенти катышкан эмес, анткени бул учурда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтүп жаткан.