Жаңылыктар
Гаитидеги жер титирөөдөн каза болгондордун саны өсүүдө
Дүйнө
Гаитидеги жер титирөөдөн каза болгондордун саны өсүүдө

Гаитидеги жер титирөөдөн каза болгондордун саны 2 миң 207 адамга жеткенин чет элдик басылмалар жазууда. Маалыматтарда жарандардын көбүнүн азыркыга чейин дайыны табылбай жатканы, ири көлөмдөгү кыйроо болгондуктан дале болсо издөө жана имараттарды тазалоо үчүн атайын топтор иш алып барып жатканы айтылат.

Эске салсак, 14-августта Гаитидеги Пети-Тру-де-Нип аймагында күчү 7,2 баллга жеткен жер титирөө катталган. Көп өтпөй ошол эле аймакта 5,2 баллдык жер силкинүүсү кайрадан орун алган. Жаратылыш кырсыгынан улам Гаитидеги бир канча шаар толугу менен кыйрап, 10 миңге жакын адам жаракат алган.