Жаңылыктар
Москвада Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган тасмалар көрсөтүлүүдө
Мекендештер
Москвада Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган тасмалар көрсөтүлүүдө

Кыргызстан менен Россиянын эриш аркак кызматташуу жылынын алкагында, Москвада Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган тасмалар көрсөтүлүүдө. “Биринчи мугалим” чоң экрандан, мыкты сапатта көрсөтүлдү.

17-августта Москвадагы "Иллюзион" кинотеатрында Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган тасмалардын ретроспективасы башталды. Программа 26-августта аяктайт. Бул күндөрү көрүүчүлөр чоң экранда, мыкты сапатта "Ак кеме", "Кызыл алма", "Биринчи мугалим", "Саманчынын жолу", «Жамиля» жана башка тасмаларды көрө алышат.

Программаны Карен Геворкяндын «Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт» тасмасы жыйынтыктайт. Айта кетсем дал ушул тасма 1991-жылы Москва кинофестивалында баш байгеге ээ болгон.

Андрей Апостоловдун айтымында, Айтматовдун оригиналдуу жана таасирдүү тексттери москвалык режиссёрлордун тасма жаратканга шыктандырган. Алар тарткан тасмалар советтик кинонун келечектеги классиктеринин толук метраждуу дебюту гана болбостон, Төлөмүш Океев, Болот Шамшиев, Геннадий Базаров сыяктуу ата мекендик кино режиссёрлорго тажрыйба топтоого мүмкүнчүлүк берди.

"Биринчи мугалим" тасмасы көрүүчүнү прогресске жетүү үчүн элдер убагында кандай кыйынчылыктарды башынан өткөргөндүгү тууралуу бир мисал менен баяндап берип, ойго салды.

Иш-чара "Эки өлкөнүн эриш аркак кызматташуу жылы" алкагында, Россиядагы Кыргызстандын элчилигинин колдоосу менен өтүп жатат. Ал эми сеанс башталгыча кинотеатрдын фойесинде Айтматовдун чыгармалары боюнча тартылган сүрөт көргөзмөсүн да көрүүгө мүмкүнчүлүктөрү бар. Кино факультеттеринин студенттери үчүн жакшы кабар аларга кирүү акысыз.