Жаңылыктар
Индия Душанбе аркылуу Кабулдан 78 кишини эвакуациялайт
Дүйнө
Индия Душанбе аркылуу Кабулдан 78 кишини эвакуациялайт

Кабулдан Душанбеге эвакуацияланган 78 киши, анын ичинде Индиянын 25 жараны атайын каттам менен Нью-Делиге жеткирилет. Бул тууралуу индиялык Hindustan Times басылмасы өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигине шилтеме кылып билдирди.

Маалыматка караганда, Индиянын жарандарынан жана Кабулда жашаган индуисттерден турган топ дүйшөмбү күнү индиялык авиакомпаниянын учагы менен Душанбеге жеткирилген.

Азырынча Тажикстандын бийлиги бул боюнча эч кандай маалымат бере элек.

Бүткүл дүйнөлүк индуисттер форумунун президенти Пунет Сингх Чандхокдун айтымында, Ооганстанда дагы 200гө жакын ооган индусти бар. "Бул адамдар Кабулдун түндүк-батышындагы Карте Парван деген райондо баш калкалап турушат. Ал район Хамид Карзай атындагы аэропортко жакын жайгашкан", - деди ал.

Hindustan Times басылмасынын маалыматына караганда, өткөн ишемби күнү Индия Душанбе жана Доха шаарлары аркылуу Кабулдан 540 кишини, анын ичинде 475 жаранын чыгарып кеткен. Ага чейин Нью-Делиге индиялык дипломаттар, расмий адамдар, элчилик кызматкерлеринен турган 200гө жакын киши жеткирилген.