Өлкө аймагынан жыл сайын узак мезгилдерге 50 миңдей жаран чыгып кетет. Алардын көпчүлүгү мекенине кайтып келишкен жок. Мындай көрүнүш 2005-жылдардан башталган дешет адистер. Тактап айтканда, 2005-2010-жылдардагы мамлекеттеги саясий туруксуздук, социалдык-экономикалык факторлор жарандарды өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур кылган. Азыркы күндөгү негизги көйгөй, ошол жарандардын балдарынын Ата-Журтун билбей калгандыгы болууда.
Маалыматтарга караганда, миграциялык агым өлкөнүн түштүк регионунда арбын байкалууда. Башкача айтканда, чет жактарга кетип жаткандардын 35 пайызы Баткен облусунда, 28 пайыз Жалал-Абад болсо, 22 пайыз Ош облусунан. Ал эми Нарын, Талас, Ысык-Көл, Чүй облустары жана Бишкек шаарынан кеткен жарандардын көрсөткүчү 1 пайыздан 5 пайызга чейин жетет.