Жаңылыктар
Кыргызстан ЕАЭБке киргенден кийин ишкерлердин мүмкүнчүлүгү кеңейген
Экономика
Кыргызстан ЕАЭБке киргенден кийин ишкерлердин мүмкүнчүлүгү кеңейген

Өлкө экономикасын көтөрүүдө чакан жана орто ишканалардын орду жогору. Андыктан андай ишканаларга мамлекеттик деңгээлде колдоо керек. Буга байланыштуу, экономика министрлиги Чүй облусундагы бир катар ишканалардын иши менен таанышты. Эми министрлик ишкерлердин маселесин өкмөт башчыга жеткирмекчи болууда.

Ишканалардын актуалдуу маселеси менен жеринен таанышуу иши “Рихадан” башталды. Мында колбаса, нан жана сүт азыктарын чыгарып 80ден ашуун адам иштейт. Бюджетке кошкон салымы болсо жылына 6,5 миллион сом. Кыргызстан Евразия экономикалык биримдикке киргенден кийин бул ишканада экспорттун көлөмү көбөйгөн. Албетте, ЕАЭБге киргенден кийин ишканалардын азыктары уюмдун талаптарына жооп бериши керек. А бул ишканада андай маселе жок болуп чыкты. 

Чакан жана орто ишканалардын көп болушу жергиликтүү элге да жакшы. Туруктуу жумуш менен камсыз болот дегендей. Маселен, айнек чыгарган “Интер Гласс” ишканасында 1,5 миңден ашуун адам иштейт. А чыгарылган товары болсо, жергиликтүү базарга арзан баада сатылат. 

Кант цемент заводу болсо, жылына 1 миллион тонна цемент чыгарууга кубаты жетет. Быйыл болсо өндүрүштүн көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу 59 пайызга өскөнү айтылууда. 

Кыскасын айтканда Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийин ишкерлердин мүмкүнчүлүгү кеңейген десек болот. Чыгарган азыктарын ички базарларга эле эмес, уюмга кирген мамлекеттерге түз чыгарууга мүмкүнчүлүк алуу үчүн көпчүлүк ишканалар тиешелүү уруксат кагаздарын алган. Болгону эт жана сүт азыктарын чыгарууда айрым маселелер бар. 

Чакан жана орто ишканаларды колдоо ар тараптан жеткиликтүү эле деңгээлде жүрүүдө. Маселен, кыргыз-орус өнүктүрүү фонду кездеме токуучу фабрикага 7,5 миллион АКШ долларын бөлгөн. Ишканадан бюджетке түшө турган салык жана социалдык төлөмдөрдүн жылдык көлөмү 20 миллион сомдон ашат деп күтүлүүдө. Ишкананын ачылышы сентябрь айында болот.