Жаңылыктар
Талас облусунда эл аралык илимий практикалык конференция өттү
Маданият
Талас облусунда эл аралык илимий практикалык конференция өттү

Талас облусунда «Манас эпосу кыргыз рухунун туу чокусу» деген чакырык менен эл аралык илимий практикалык конференция өттү. Анда Манас эпосун иликтеген окумуштуулар жаңы илимий иликтөөлөрү боюнча докладдарды жасады. Жыйынга Россия, Түркия жана башка мамлекеттердин окумуштуулары онлайн катыша алышты. Илимий практикалык эл аралык жыйын Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата уюштурулду.

Манас эпосуна кайрылып, аны терең изилдөөгө кайрылган Орусиянын окумуштууларынын бири Никита Петров. Илимпоз Таласта өтүп жаткан илимий жыйынга Манас боюнча өзүнүн илимий докладын жасады. Ал илимий ишинде Манас эпосунун айтуучулары тууралуу мифология, манасчылык өнөрдүн сырлары, аяндар, ишенимдер, жоромолдор боюнча иликтөөлөрүн ортого салып, катышуучулар менен ой бөлүштү. Ошол эле учурда окумуштуу Манас эпосун дүйнөнүн дагы башка эпостору менен бир алкакта иликтесе дагы да эпостун сырлары ачыла турганын, ал үчүн эпосту мүмкүнчүлүктүн болушунча башка тилдерге которуу зарыл экенин кошумчалады.

Илимий жыйын Кыргызстандын Эгемендүүлгүнүн 30 жылдыгына карата уюштурулгандыктан, доклад окуган окумуштуулар эпостогу көз карандысыздык, эгемендүүлүк, мекенчилдик, мамлекеттүүлүк багытындагы илимий иликтөөлөргө басым жасашты.