Жаңылыктар
Бишкек шаарында мыйзамсыз делген 100дөн ашык курулуштар бар
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек шаарында мыйзамсыз делген 100дөн ашык курулуштар бар

Бишкек шаарында эле мыйзамсыз делген 100дөн ашык курулуштар бар. Кезегинде архитектура башкармалыгы тиешелүү иш-чараларды көрүп келет, бирок эч кандай уруксаты жок имараттардын курулганы курулган. Бүгүн экологиялык техникалык инспекциясынын кызматкерлери, шаардагы айрым мыйзамсыз курулуштарын текшерип, рейд жүргүздү. 

Манас проспектиси менен Токтогул көчөсүнүн кесилишиндеги бул имарат мындан 5 жыл мурда эле салына баштаган. Бирок курулуш башынан эле мыйзамсыз башталгандыктан, бүгүнкү күндө же бузулбай же курулуш толугу менен бүткөрүлбөй токтоп турат. Экотехинспекциянын өкүлдөрү билдиргендей, бул имарат жеке ишкер Нурмухаммед Шейитовго тиешелүү.

Горький-Панфилов көчөлөрү кесилишкен жердеги бул жаңы курулуштун ордунда мурда тамактануучу жай бар болчу. Азыр кайра салынып жаткан имараттын уруксат кагаздары жок болгону аз келгенсип, жолду көздөй чыгып кеткен.

Ордо калаанын тегерегиндеги конуштардагы өзүм билемдик менен басып алынган жерлердеги мыйзамсыз курулуштарды кошпогондо эле, Бишкектин чок ортосунда 100 дөн ашык мыйзамсыз обьектилер бар. Алардын катарында жеке менчик ээлерине тиешелүү чакан имараттар гана эмес, көп кабаттуу үйлөр да кездешет.

Айта кетсек бүгүнкү текшериле турган курулуштардын баардыгына экотехинспекция тарабынан алдын ала эскертүү берилип, иш-чара учурунда имарат ээлери иш ордунда болуп турсун деген өтүнүч каттары жөнөтүлгөн. Бирок рейд учурунда курулушка тиешелүү бир да жетекчини кезиктире алган жокбуз. Ал ортодо мына ушундай жоопкерчиликсиз мамиле кылган мыйзамсыз курулуштардын саны ар кайсы жерде өсүп жатат.


Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118