Жаңылыктар
Курулуп жаткан ипподромдун айланасын иретке келтирүү иштери жүрүп жатат
Кыргызстан жаңылыктары
Курулуп жаткан ипподромдун айланасын иретке келтирүү иштери жүрүп жатат

Ысык-Көл районунда курулуп жаткан ат майдандын айланасын тазалап, иретке келтирүүгө райондогу бюджеттик мекемелердин жана айыл өкмөттөрдүн кызматкерлери жардам бермей болду. Мындай маалыматты Ысык-Көл районунун акиминин орун басары Салтанат Муканбаева билдирди. 

 Ысык-Кол районунда 12 айыл, 1 шаар бар. Мындагы мамлекеттик кызматкерлер ипподромдун айланасын курулуш материалдарынын таштандысынан арылтып, иретке келтирүүгө макул болду. Бул үчүн акимчилик керектүү техникалар менен күйүчүү майын камдап жатат.

Ысык-Көл районундагы акимиат баш болуп, айыл өкмөттөр төш болуп, ат майдандын айланасын тазалап, иретке келтирмей болду. Райондогу Сары-Камыштан Өрүктүгө чейин 12 айыл жана 1 шаар бар. Андагы мамлекеттик кызматкерлер бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, мамлекетке көмөгүн көрсөтүүгө камынууда. 

Ат майдан 25-августта бүтсө, 26сынан баштап Ысык-Көл районундагы кызматкерлер акимиатты колдон-буттан алып, 4-5 чакырым жерди бир аптада курулуштан калган таштандыдан тазалап бүтөөрү мерчемделди. Бул ипподромдун сырты. Ал эми ичин куруп жаткан компания жетишпей жатса, аларды да жөлөп-таяп, кол кабыш кыла тургандар четтен чыгууда. 

Көчмөндөр оюндарын жогорку деңгээлде өткөрүү - намыстын иши. Ошондуктан, ашарга келгендер сооп иш жасап жатканы айтылууда.