Жаңылыктар
БУУ Афганистанда катуу ачарчылык болорун божомолдоодо
Дүйнө
БУУ Афганистанда катуу ачарчылык болорун божомолдоодо

"Талибан" бийликке келгенден кийинки кризистен улам ачкачылыкка кабыла турган афгандардын саны 14 миллионго жетти. Бул тууралуу БУУнун Азык-түлүк программасынын директору Дэвид Бизли Reuters агенттигине билдирди.

Анын сөзүнө караганда, соңку бир нече жылдан берки кургакчылыктын, куралдуу чыр-чатактардын жана COVID-19 пандемиясынын айынан экономика алсырап, Афганистанды катуу “бороон” күтүүдө.

Гуманитардык кыйроонун алдын алуу үчүн БУУга сентябрга карата кеминде 200 миллион доллар керектелет. Бул мезгилде өлкөдө жашоочулар үчүн тамак-аштын запасы түгөнүп, гуманитардык жардамга муктаж оогандыктардын саны эки эсе өсүшү мүмкүн экени боолголонуп жатат.

БУУ Афганистанга керектүү жардамды АКШ, Катар жана башка Перс булуңундагы өлкөлөр республикалык бюджеттеринин эсебинен бөлүп берет деген үмүт артты.

Эксперттердин айтымында, азыр Афганистанда жашаган калктын саны 36 миллион киши.

Былтыр ноябрда чет өлкөлөр Афганистанга гуманитардык жардам катары 4 жыл ичинде 12 млрд доллар бөлүп берүүнү пландаган. Ошол эле кезде көптөгөн өлкөлөр мындай колдоо Афганистандагы адам укугун сактоонун абалынан көз каранды экенин кабарлашкан.