Жаңылыктар
Эмирхан Ражапов жаштар арасындагы Азия чемпионатында коло медалга ээ болду
Спорт
Эмирхан Ражапов жаштар арасындагы Азия чемпионатында коло медалга ээ болду

Кыргызстандык спортчу Эмирхан Ражапов жаштар арасындагы бокс боюнча Азия чемпионатында коло медалга ээ болду. Ражапов 81 килограммдан жогорку салмак категориясында мелдешке катышты. 

Биринчи беттеште индиялык спортчу менен мушташып, утулуп калган. Бирок бул салмак категорияда 3-орунду ээлеп, коло медалдын ээси болду. Медаль Кыргызстандын курама командасы үчүн турнирдеги биринчи байге болду. Турнир ушул күндөрү Бириккен Араб Эмирлигинде өтүп жатат.