Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын чабуулчусу Мирлан Мурзаев Индиянын Суперлигасында ойногон “Ченнаи” клубуна өттү. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмеси билдирди.
Мирлан Мурзаев 2019-жылдан бери Бишкектин “Дордой” клубунда ойноп, тайпанын капитаны болуп жүргөн. Эскерте кетсек, футболчу Улуттук курамада алгачкы дебютун 2009-жылы баштаган, учурда 14 голу менен команданын бомбардири болуп саналат.