Жаңылыктар
Борбордук шайлоо комиссиясы билдирет
Шайлоо 2023
Борбордук шайлоо комиссиясы билдирет

Борбордук шайлоо комиссиясы Ошто саясий партиялардын шаардык кеңешке талапкер катары көрсөткөн тизмесинен айымдар жапырт чыгып кетип жатканы боюнча маселени териштирүүдө. 

Боршайком билдиргендей мындай арыздар эки партиядан түшкөн. «Биздин Кыргызстан» партиясы 38 аял талапкерин, «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы 39 талапкерин чыгарды, алардын 31 айым. Мындан тышкары бул эки партиядан депутат болуп шайланган алты адам ыйгарым укуктарынан баш тартты, алардын бешөө аял. Баары тең мандатын депутаттыкка талапкерлер тизмесиндеги кийинки адамдарга өткөрүп берерин билдиришкен. 

БШК депутаттыктан баш тартуу же тизмеден чыгуу тууралуу чечимдер Боршайком бекиткенден кийин гана анык деп эсептелерин, азырынча Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын гана чечимдери бар экенин эскертип, бул маселе кылдат териштирилерин белгиледи.