Кыргызстанда электр энергиясын кошуналардан сатып алуу маселеси жаралган жок.
Анткени Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү жетиштүү.
"Электр станциялары" компаниясынан билдиришкендей электр энергиясын өндүрүү жылына 6 млрд. киловат саатты түзүүдө.
Быйылкы жыл үчүн Казакстандык энерго компаниялар менен Кыргызстандын ортосунда сүйлөшүүлөр болгон. Ага ылайык август, сентябрь айында Казакстанга 200 миллион киловат саат электр энергиясын берсек, Казакстан 15-сентябрдан 10-ноябрга чейин аны кайра Кыргызстанга кайтарат.