Жаңылыктар
Нарын: Учкун айылына ашар жолу менен таза суу тартылды
Аймак
Нарын: Учкун айылына ашар жолу менен таза суу тартылды

Нарын районунун Учкун айылынын эли ашар жолу менен таза суу тутумун жакшыртып, суу тартып алышты. Ар бир түтүн он миң сомдон чогултуп, кара жумушту бөлүп жасашкан. Айылдыктардын чогулган төрт миллион сомдон ашыгыраак каражаты ичүүчү сууну тартууга толугу менен жетип, учурда ар бир үйдүн короосунан суу чыгып жатат. 

Учкун айылынын тургун Шааркүл Акматова таза суу көйгөйү чечилип, күнүмдүк оокат бир топ жеңилдегенин айтты. Мурда кожейке беш чакырым жолду басып, суу ташып келчү. Азыр үйүнүн короосунан таза суу чыгып, суу ташымай деген түйшүктөн арылды.

Элетке таза суу негизи 2005-жылы тартылган. Бирок жабдыктардын толук иштебей калганынан айылдын көпчүлүк бөлүгүнө суу жетпей, маселе жаратчу. Көйгөй элдин көкөйүнө тийип, ар бир үй он миң сомдон чыгарып, кара жумушун бөлүшүп, жасап таза сууну чыгарып алышты. 

Жумуштар май айында башталган. Курулушту уруу-урууга бөлүнүп, 3 ай дегенде бүтүп, суу киргизилди. Айыл эли жалпы төрт миллиондон сомдон ашык акча чогултушуп, керектүү материалдар алынып келинди. Адистердин айтымында, карапайым калк 17 миллион сомдук таза суу долбоорун өз күчтөрү менен эки эсеге арзан жасап алышты.

Айылдыктардын мындай демилгеси дагы уланып, кийинки долбоор элеттин инфратүзүмүн жакшыртууга багытталыт.