Жаңылыктар
Маданият кызматкерлеринин айлыгы кыскартылбайт
Экономика
Маданият кызматкерлеринин айлыгы кыскартылбайт

Маданият кызматкерлеринин айлыгы кыскартылбайт, мындай билдирүүнү өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. 

Анткени эсеп палатасы борбордогу айрым маданият мекемелерин текшерип, мыйзам бузуулар катталганынан кээ бир мекемелердин кошумча төлөмдөрүн кыскарткан.

 Бул маалыматты уккан маданият кызматкерлери дүрбөп, өкмөткө кат жолдошкон болчу. 

Ал эми өкмөттүн билдирүүсүндө мындай деп жазылат. "Жалпы маданият өкүлдөрүнүн айлыгын тескерисинче көтөрүү пландалып, ал 2017-жылдын бюджетинде каралган. Ал үчүн келээрки жылдын бюджетинде кошумча 172 миллион сом каражат бөлүнүүдө."