Жаңылыктар
2015-жылы 240 миңге жакын контрафактык алкоголдук ичимдиктер жок кылынды
Экономика
2015-жылы 240 миңге жакын контрафактык алкоголдук ичимдиктер жок кылынды

2015-жылы, Салык кызматты тарабынан  240 миңге жакын контрафактык алкоголдук ичимдиктери алынган. Алардын ичинде арак, каньяк, вино сыралар бар. Бул көрсөткүчтөр 2014-жылга сылыштырмалуу эки эсе көп көлөмдө катталган.  Мындай мыйзамсыз иш-аркеттердин негизинде 17 кылмыш иши козголгон.

Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 700 литерден ашык контрафактык спирт ичимдиктери жок кылынды. Ден соолукка коркунуч жараткан ичимдиктер  атайын эскпертизанын  жыйынтыгы менен  борбордук канолизацияга төгүлдү.

Адистер жарандарды спирт ичимдиктерин сатып алууда аксиздик маркасына көз салып, текшерип алуу керектигин эскертет. Анда бөтөлкөнүн көлөмү менен аксиздик маркада көрсөтүлгөн көлөм шайкеш болуусу кажет.