Жаңылыктар
Кыргыз-казак достугун бекемдөөгө арналган кыз-жигиттердин "Сармерден" оюну өттү
Маданият
Кыргыз-казак достугун бекемдөөгө арналган кыз-жигиттердин "Сармерден" оюну өттү

Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында кыргыз-казак достугун бекемдөөгө арналган кыз-жигиттердин "Сармерден" оюну өттү. 

Оюндун биринчи күнүндө кыргыз кыздары менен казак жигиттери таймашса, экинчи күнү казак кыздары менен кыргыз жигиттеринин ортосундагы чыгармачылык таймаш уланды. Иш-чаранын максаты - тили, тарыхы, маданияты жана каада-салты окшош бир тууган элдин достугун чыңдап, ынтымагын бекемдөө.