Жаңылыктар
Россия Афганистандан 22 тажик жаранын эвакуациялады
Дүйнө
Россия Афганистандан 22 тажик жаранын эвакуациялады

Россиянын Коргоо министрлигинин атайын учагы менен Афганистандан 22 тажик жараны эвакуацияланды. Бул тууралуу "Азия-Плюс" агенттиги Тажикстандын Тышкы иштер министрлигине (ТИМ) шилтеме кылып кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, Тажикстандын Кабулдагы элчилигине жардам сурап 30 тажик жараны кайрылган. "Тажикстандын 22 жараны эвакуацияланды. Калган жарандар документтери даяр болгондон кийин мекенине жеткирилет", — деп жазылган ТИМдин билдирүүсүндө.

25-августта Россиянын аскердик авиациясы президент Владимир Путиндин тапшырмасы менен Афганистандан 500дөн ашык кишини эвакуациялаганы кабарланган. Алардын арасында Россиянын жарандарынан тышкары Жамааттык Коопсуздук Келишим уюумуна (ЖККУ) мүчө өлкөлөрдүн жана Украинанын жарандары да болгон.

26-августта Кыргызстан ТИМи Россиянын колдоосу менен Афганистандан 10 кыргыз жараны эвакуацияланганын билдирген.

"Талибан" кыймылы Афганистандын баш калаасы Кабулга 15-августта кирип, өлкөдөгү 20 жылга созулган жарандык согуш аягына чыкканын жарыялаган. Мамлекет башчысы Ашраф Гани Афганистандан чыгып кеткен.