Жаңылыктар
«Жеткиликтүү турак жай» программасы жөн гана кыялбы?
Экономика
«Жеткиликтүү турак жай» программасы жөн гана кыялбы?

«Жеткиликтүү турак жай» программасынын шарттары жумшартылмайын аны алуу кыял бойдон кала берет. Мындай пикирди үйгө жетпей жүргөн жарандар белгилесе, экономистер банктык тобокелдиктер бар экендигин эсертип, берүү мөөнөтүн 20- 25 жылга чейин узартуу элдин чөнтөгүнө төп келээрин белгилешүүдө.   

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын 526 катышуучусу насыя алуудан баш тартты. Бирок алардын арасында банктын критерийлерине туура келбеген же кирешесине карабастан кымбат балуу үйлөрдү  алууну каалагандар да бар. Мамлекеттик ипотекалык компаниядан билдиришкендей алар насыя алуудан четтетилди дегендик эмес, арыздын негизинде шарты туура келген мезгилдерге жылдырылды. Ипотекалык негизде турак жай менен камсыз болууну каалагандардын тизмесин түзүү жергиликтүү бийликтин милдети экендигин айтып, жеринен тизмелер так жана критерийлерге туура келгендей түзүлсө  кошумча түйшүктөр азаймактыгын белгилейт. 

Ипотекалык компания өз ишмердүүлүгүн 2015- жылдын декабар айында баштаган. Андан бери  бул программанын негизинде 223 жаран турак жай менен камсыз болду.  Эми компания бир гана көп кабаттуу батирлерди сатып алуу үчүн гана эмес жер тилкелери бар жарандарды да насыялоону ишке ашырууда.