Жаңылыктар
Артыковду медалынан ажыратууга каршы Кыргызстан даттануу арызын жолдойт
Спорт
Артыковду медалынан ажыратууга каршы Кыргызстан даттануу арызын жолдойт

Олимпиадасынын оор атлетика боюнча коло байгесинин ээси Иззат Артыковду медалынан ажыратууга каршы Кыргызстан даттануу арызын жолдойт. Бул тууралуу оор атлетика боюнча федерациянын вице-президенти Улан Молдодосов билдирди. 

Белгилей кетсек спорттук арбитраждык сот оор атлетика боюнча 69 килограммга чейинки салмактагылар арасында коло медалдын ээси Иззат Артыковду допинг колдонду деген жүйөө менен байгесинен ажыратты. Улан Молдодосов тыюу салынган препарат колдонбогонун белгилейт. Ал бул маселени эми дене-тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик, Улуттук олимпиада комитети менен кеңешип, мындан аркы кадамдар боюнча сүйлөшө турганын билдирди. 

Молдодосов спортчу тыюу салынган препарат колдонбогонун далилдеп берүү үчүн кайталап тесттен өтүү жана даттануу арызын берүү керектигин ырастады. Айтымында допингге берилчү тесттин жыйынтыгы бир айда чыгарылат, бул жолу жыйынтык 4-5 күндө даяр болгону таң калыштуу-дейт федерациянын вице-президенти.