Жаңы баш мыйзамга ылайык өлкө башчы менен парламент мындан ары кантип шайланышы керек деген эрежени так аныктаган мыйзам - өлкөнүн саясий турмушундагы маанилүү окуя. Башкача айтканда күздө өтө турган парламенттик шайлоо партиялык тизме аркылуу шайланууну жана талапкер бир мандаттуу округдан өзүн өзү көрсөтүп чыккан системаны айкалыштырат. Шайлоо процесси мындай аралаш ыкма менен өтүшүнө жол ачкан мыйзам менен президент өзү терең таанышып чыгып, конституциянын кепили катары кол коюп бекемдеди.
Кыргызстанда аралаш шайлоо системасы алгачкы жолу сыналганы турат. 90 депутаттын 54ү партиялык тизме аркылуу шайланат. Калган 36 орун бир мандаттуу округдар үчүн бөлүндү.
Бир мандаттуу округдан талапкер болуп чыккан адам болжол менен ошол аймактагы 100 миң шайлоочунун элегинен өтүп, сыналышы керек болот.
Күздө өтө турган парламенттик шайлоодо эл өзүнө жаккан конкреттүү бир лидерди депутат катары так аныктап шайлай алат. Анткени мында мурдагыдай партияны гана тандабастан ошол партиядан талапкер болуп чыккан конкреттүү лидерди так көрсөтүп тандай алат. Бул партия лидеринин талапкерди ары бери жылдырып, каалаган адамын депутат кылгысы келген өзүм билемдигине чекит коет. Экинчиден эл арасында кадыр-баркы күчтүү партияга талапкер болуп кирип, акчанын күчү менен парламентке депутат болуп келем дегендерге чындап кыйын болот.
Шайлоочуга эки бюллетень берилет. Партиялык тизмеде жаран партияны жана талапкердин номерин кошо тандайт. Ал эми экинчи бюллетенде округ үчүн ат салышкан талапкерлердин ысымы жазылган. Кыргызстандын жалпы шайлоочуларынын саны 3 миллион 600 миң экенин эске алганда, ар бир округда болжол менен 100 миңдей шайлоочу болот.
Аралаш шайлоо системасын киргизүүдө элдин талабы эске алынды. Анткени биз тааныбаган эле адамдар депутат болуп келип калды. Же аларга биздин үнүбүз жетпейт. Ар бир райондун үнүн жеткирип тургандай өкүлдөр шайланса жакшы болор эле деген элдин талабын президент аймактарды кыдырганда көп угуп, ошондон улам мыйзамга сунуш катары өзгөрүү кирген.
Андан тышкары шайлоого ат салышкан партия азыр добуш топтогондо мурдагыдай 7% эмес, 5% босогону багындырышы керек. Партиялар мурда күрөө катары 5 млн. сом төлөсө ал азыр 1 млн сомго түштү. Ал эми бир мандаттуу округдан чыккан талапкерлер 100 миң сом күрөө коёт. Кыскасы депутат болуп эл көйгөйүн чечсем, мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошсом деген активдүү жарандарга мүмкүнчүлүктөр ачылып, өзүн көрсөтө турган учур келди. Президент шайлоо мыйзамына кол койгондон кийин 90 күндөн кеч эмес убакытта Жогорку Кеңешке шайлоо өтүшү керек.