Жаңылыктар
Партияларга 3-сентябрга чейин убакыт берилди
Шайлоо 2023
Партияларга 3-сентябрга чейин убакыт берилди

Саясий партиялар 28-ноябрга белгиленген Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу ниетин Борбордук шайлоо комиссиясына 3-сентябрга чейин билдирүүгө тийиш. БШКнын маалыматына караганда, 29-августта парламенттик шайлоонун календарлык планы бекитилди. 

Ага ылайык, 3-сентябрда, саат 18:30га чейин партиялар тийиштүү маалымдаманы Боршайкомго жиберүүгө тийиш. Ал эми 14-октябрга чейин курултай өткөрүп, талапкерлердин тизмесин түзүүсү керек. 14-октябрга чейин бир мандаттуу шайлоо округунан катышуучу талапкерлер да өздөрүн көрсөтөт. 

Алар саясий партиялардан да, өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен да шайлоого катыша алышат. 18-октябрга чейин шайлоого катышуучу саясий партиялар да, бир мандаттуу талапкерлер да тиешелүү документтерин БШКга жиберип, 29-октябрга чейин талапкер катары катталышат. Ат салышуудан баш тартууну каалаган саясий партиялар 18-ноябрга, ал эми бир мандаттуу округдардан талапкерлер 25-ноябрга чейин билдирет. 

Президент Садыр Жапаровдун 29-августтагы Жарлыгы менен Жогорку Кеңештин 7-чакырылыштагы депутаттарын шайлоо 28-ноябрга дайындалды. Жаңы Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңеш 90 депутаттан туруп, 5 жылдык мөөнөткө шайланат.