Жаңылыктар
Кыргыз-казак акындарынын XIV эл аралык айтышы өтөт
Маданият
Кыргыз-казак акындарынын XIV эл аралык айтышы өтөт

Бүгүн саат 18:00 дө "Маданият Тарых Тил" каналынан кыргыз - казак акындарынын айтышын түз эфирде көрүңүздөр! 30-31-август күндөрү саат 18:00дө Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына, кыргыз элинин төкмө акыны Өтө Көкө уулунун 160 жылдыгына, казак элинин акыны Жамбыл Жабаевдин 175 жылдыгына, Республикалык "Айтыш" коомдук фондунун 20 жылдыгына карата кыргыз-казак акындарынын XIV эл аралык айтышы өтөт. 

Айтышты КТРК Маданият. Тарых. Тил каналынан, каналдын социалдык тармактардагы баракчаларынан да түз эфирде көрүүгө болот.