Жаңылыктар
Турак-жай жана унааларды милдеттүү камсыздандырууну токтотуучу мыйзам даярдалды
Саясат
Турак-жай жана унааларды милдеттүү камсыздандырууну токтотуучу мыйзам даярдалды

Кыргызстанда  турак-жай жана   унааларды  милдеттүү камсыздандырууну токтотуучу мыйзам даярдалды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында белгилүү болду. Депутаттар камсыздандыруучу компаниялар даяр эместигин айтып, камсыздандыруу боюнча мыйзамды артка жылдырып туруу зарылчылыгын белгилешти. Ошондой эксперттер, жүк ташуучулар бирикмелеринин өкүлдөрү унааларды камсыздандыруу мыйзамы камсыздандыруучу компаниялардын кызыкчылыгын гана көздөп калган деп айтып чыкты.

Өлкө боюнча каттоодо турган 17 камсыздандыруу команиясы болсо, анын 14 рынокто ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Анын ичинен 10 компания турак – жайды камсыздандырууга катышу ниетин билдирген. Мыйзам долбоорунун негизинде, камсыздандыруу полиси жок унаа ээлерине 3 миң сомдун тегерегинде айып салынат. Камсыздандыруудан өткөн траспорт ээлерине, камсыздандыруу ишканасы максималдуу түрдө бир жол кырсыгына 550 миң сом бөлөт. Анын 200 миңи, жарандар каза болсо, дагы 200 миң сому ден-соолугунан жабыркагандарга берилсе, 150 миң сом траспорттун кыйраганына жараша төлөнөт.