Жаңылыктар
Артыков боюнча түзүлгөн жагдайды комиссия иликтейт
Спорт
Артыков боюнча түзүлгөн жагдайды комиссия иликтейт

Улуттук олимпиадалык комитеттин ыйгарым укуктарынын алкагында Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик менен биргеликте Иззат Артыков боюнча түзүлгөн жагдайды ар тараптуу иликтөө боюнча комиссия түзөт. 

Бул тууралуу агенттиктин бүгүн тараткан расмий маалыматында айтылат. Ошол эле учурда,Оор атлетика боюнча федерациянын вице-президенти Улан Молдодосов, федерация Эл аралык спорттук арбитраждык соттун чечимине каршы даттануу арызын даярдап жатканын жана Эл аралык допингге каршы агенттиктин дарегине зарыл болгон анализдерди кайталап алуу боюнча кат жолдой турганын билдирди. Белгилей кетсек Спорттук арбитраждык сот оор атлетика боюнча 69 килограммга чейинки салмактагылар арасында коло медалдын ээси Иззат Артыковду допинг колдонду деген жүйөө менен байгесинен ажыратты. Иззат ага коюлуп жаткан айыпты четке кагат. Спортчунун машыктыруучу Үсөнкан Майназаровдун айтымында Иззат Артыков эч кандай сергитүүчү же кызытма каражаттарды ичкен эмес.