Жаңылыктар
Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата манасчы Дөөлөт Сыдыков Москвада 5 күн, 5 түн Манас айтат
Мекендештер
Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата манасчы Дөөлөт Сыдыков Москвада 5 күн, 5 түн Манас айтат

Бүгүн, 31-августта Москвадагы кыргыз диаспорасынын жана Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин колдоосу менен өлкөбүздүн Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата элчиликтин имаратында Манасчы Дөөлөт Сыдыковдун 5 күн, 5 түн Манас айтуусу башталды. 

Элчиликтин имаратындагы салтанаттуу иш-чарада элчи Гүлнара-Клара Самат мекендештерди Эгемендүүлүктүн 30 жылдык мааракеси менен куттуктап, Дөөлөт Сыдыковго ийгилик каалады. Москва шаарындагы мекендештер да манасчыга ыраазычылык билдирип, ак батасын беришти. 

Дөөлөт Сыдыков узак мөөнөткө Манас айтып Гиннес рекорддор китебине кирүүгө аракет кылат. Эске салсак, Дөөлөт Сыдыков буга чейин 14 саат 27 мүнөт тынымсыз Манас айткан.