Жаңылыктар
Бүгүн Кыргызстандын эгемен мамлекет болгонуна 30 жыл толду
Кыргызстан жаңылыктары
Бүгүн Кыргызстандын эгемен мамлекет болгонуна 30 жыл толду

Кыргызстан мурдагы Советтер союзунун курамынан бөлүнүп, көз карандысыздыгын жарыялаганына 30 жыл толду. Мааниси терең эгемендик майрамы Ала-Тоо аянтында белгиленип, кыргызстандыктар аскердик жана эмгекчилердин парадына күбө болушту. 

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды майрамы менен куттуктап, Кыргызстандын эгемендик жылдардагы басып өткөн жолуна жана жакынкы 5 жылдагы аткарыла турган иштерге токтолду.