Бүгүн Кыргызстандын эгемен мамлекет болгонуна 30 жыл толду. Президент Садыр Жапаровдун куттуктоосунан кийин аскердик парад, андан кийин жумушчулардын салтанаттуу жүрүшү болду. Обон созуп ырдагандар ыр-бий, театрлаштырылган оюн-зооктор, спорттук таймаштар, жарыштар, аянттагы майрамдык маанайды ого бетер шаңга бөлөдү.