Жаңылыктар
Анкара шаарында Айкөл Манастын айкели ачылды
Маданият
Анкара шаарында Айкөл Манастын айкели ачылды

Түркиянын борбору Анкара шаарында Айкөл Манастын эстелиги ачылды. Салтанаттуу иш-чарага Кечиөрен районунун башчысы Тургут Алтынок, Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана Анкарадагы мекендештер катышты. 

Эстеликти орнотуу демилгеси элчи тарабынан көтөрүлүп, аны Түркиядагы кыргызстандыктар колдоого алган. Айкелди ачуу аземи өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата уюштурулду.