Жаңылыктар
Ысык-Көл облусунда жеңил өнөр жайын колдоого алуу иштери жүрүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Көл облусунда жеңил өнөр жайын колдоого алуу иштери жүрүүдө

Ысык-Көл облусунда жеңил өнөр жайын колдоого алуу иштери жүрүүдө. Себеби акыркы жыйырма  күндүн ичинде эле облуста 600 жумуш ордун түзгөн тигүү цехтери ишке кирди. Бул ишканалар ички инвесторлордун жана Ысык-Көл өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен  ишке ашып жатат.

Жакында Жети-Өгүз районунун Жон-Булак айылында жүз жумуш орундуу тигүү цехи ачылды. Аны Бишкек шаарында бул тармакта иш алып барган ички инвестор Мирбек Бейшеналиев түптөдү. Ишкердин айтымында азыр тигүү цехтерин борбордо эмес айыл жерлеринде ачуу пайдалуу. Себеби элетте тикмечилер көбүрөөк. Мындан сырткары жергиликтүү бийлик тарабынан да көбүрөөк колдоо болот. 

Ишкердин белгилөөсүндө имарат айыл өкмөтү тарабынан чечилип берилди. Цехтеги жабдуунун баары жаңы орнотулду. Башкысы жумушчулар үчүн тийиштүү шарттар түзүлгөн.
 
Тигүү цехине буйрутма Россиянын көптөгөн шаарларынан келүүдө. Эске сала кетсек акыркы жыйырма күндүн ичинде эле мындай ири ишканалардан дагы экөө ачылган. Түп районунда ачылган ишканада 200, Жети-Өгүз районундагы эки ишканада жалпы төрт жүз адамга туруктуу жумуш орду түзүлдү.
 
Эске сала кетсек азыркы тапта жалгыз Жети-Өгүз районунда эле жыйырма төрт тигүү цехи иштеп жатат. Учурда 10-15 тигүү машиналары бар ишкерлердин башын бириктирүү, аларды каржылоо, колдоого алуу маселеси да каралууда.