Жаңылыктар
Парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген партиялардын саны ондон ашты
Кыргызстан жаңылыктары
Парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген партиялардын саны ондон ашты

Бүгүнкү күнгө карата парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген партиялардын саны ондон ашты. Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришкендей, партиялардын жазуу жүзүндөгү билдирмесин кабыл алуу мөөнөтү 4-сентябрда аяктайт. Бул жолу парламенттик шайлоо жаңы Баш мыйзамга ылайык, пропорционалдык жана мажоритардык тутумда өтөт.

Парламенттик шайлоого катыша турган партиялар шайлоо дайындалган күндөн тарта 5 күндүн ичинде БШКга өнөктүккө катышуу тууралуу жазуу жүзүндө билдирме бериши керек. Быйылкы шайлоонун өзгөчөлүгү- ал аралаш тутум аркылуу өтөт. Партиялык тизме менен 54, ал эми бир мандаттуу округдардан 35 депутат шайланып, парламент 90 депутаттан турат.
 
Ал эми партиялардын жана бир мандаттуу округдарга талапкерлерди көрсөтүү жараяны 14-октябрга чейин жүргүзүлөт. Ага чейин Борбордук шайлоо комиссиясы бир мандаттуу шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын түзүп бекитиши керек.
 
Адистер жаңы Баш мыйзамдын негизинде, өзгөчө эрежелер менен өтө турган шайлоо өнөктүгүнө дыкат даярдык көрүлүшү керек дешет. Добуш сатып алуу, администативдик ресурс колдонуу тобокелчиликтери да эске алынып, ыкчам чараларды көрүү гана таза шайлоо өткөрүүгө өбөлгө болот.
 
Быйыл парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Шайлоо күнүн дайындоо тууралуу жарлыкка президент президент Садыр Жапаров 29-августта кол койгон. Борбордук шайлоо комиссиясы бекиткен календарлык планга ылайык, үгүт өнөктүгү 29-октябрда башталып, 27-ноябрь кечки саат 8де аяктайт. Ал эми шайлоонун расмий жыйынтыгы 18-декабрга чейин жарыяланат.