Жаңылыктар
Бүгүн Кыргызстан - Палестина беттеши өтөт
Спорт
Бүгүн Кыргызстан - Палестина беттеши өтөт

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы бүгүн, 2 -сентябрда Бишкекте жолдоштук беттеш өткөрөт.

Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо кыргыз командасы Палестина менен ойнойт. Беттеш 20:30да башталат.

Белгилей кетсек, беттег Бангладеш улуттук курама командасы да катышкан "Three Nations Cup" эл аралык турниринин биринчи турунун алкагында өтөт.

Аталган оюнду КТРК Спорт каналы түз эфир аркылуу көрсөтөт.